Жантөрө Сатыбалдиев: Бажы биримдигине кирүү биз үчүн абдан пайдалуу

  22.04.13   08:08
 298

КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Коомдук биринчи каналдын 19-апрелиндеги түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип атып, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, мамлекет үчүн абдан пайдалуу болорун белгилеп өттү.

Сатыбалдиев Бажы биримидигине кирүү менен биздин өндүргөн продукциялар атаандаштыкты жарата алабы же, жокпу ал башка маселе экенин айтты. "Эгер Бажы биримдигине кирип кала турган болсок "Кара-Суу" , "Мадина", "Дордой" базарлары боюнча башка келишим түзүлүп калышы мүмкүн",- деди премьер.

Премьер ошондой эле, жарандардын эскилиги жеткен унаалар тууралуу берген суроосуна, машиналардын техникалык абалы биздин стандарттарга туура келиши керектигин баса белгиледи. "Жүргүнчүлөрдү ташыган машиналар мамлекеттин текшерүүдөн өтүүсү керек. Унаалар сөзсөз түрдө биздин стандартка туура келиши керек. 1990-жылдары чыккан маршруткалардын эскилиги жетти",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222634

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.