Сатыбалдиев бир канча райондун акимдерин кызматтан алды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жарлыгы менен Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрация башчысы Сейтек Кулубаев кызматтан бошотулду.
  15.04.13   08:14
 376

Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун акими Таласбай уулу Акматбек, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Премьер-министрдин дагы бир жарлыгы менен Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Иличбек Максутов, анын орун басары Айнагүл Молдалиева жана Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскулов кызматтан четтетилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222642

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.