Полигамдуулук коомдогу маселелерди чечет

  15.04.13   08:39
 483

Элдик кабарды жиберген Адам

Урматтуу Акыйкатчы:

Сизге жазып аткан себебим - сиз адам укугун, анын ичинде азчылыктын укугун коргогон негизги институттун башчысыз.

Өзүңүз билесиз, Евразияда акыркы жылдары полигамдуу үй-бүлөлөр адатта формалдуу эмес болуп калды. Ошого карабастан,

кыргыздын гана эмес, дүйнөдөгү улуу жолбашчылардан да полигамдуу адамдар көп болгон. Манас атабыздан тартып, акыркы президенттерибизди мисал кылып олтурбай, Путин жана Назарбаев сыяктуу аксакалдарды деле алалычы.

Полигамия кыргыз элинин кырылып жок болуп кетишинен да аман алып калган. Бүткүл батыш, Америка суктанган еврейлер деле Яков деген полигамисттин тукумдары.

Полигамия коомду тазартат, анткени бош жүргөн аялдардын саны азайып, коомдо бузукулук азаят. Демек коомго керектүү.

Полигамия биздей аз элге өтө зарыл болуп да турат.

Полигамия ажырашууларды токтотот, анткени эркек улуу аялын жолго таштабай, өмүр бою бага берет.

Батыштагы гомосексуал жана феминист уюмдарынын кысымына карабастан полигамиянын зарылчылыгын түшүнгөн адамдар да саат сайын өсүүдө. Ал тургай ушул убакытка чейин христиан дини тыюу салат деп эсептелген бул никенин түрү чынында библияга каршы эмес экендиги табылууда. Мисалы англис тилиндеги бул сайтты караңыз: www.biblicalpolygamy.com. Ал эми Куранда болсо, өзүңүз жакшы билесиз, полигамияга расмий уруксат. Негизи эле, полигамияга каршы чыккандар эркектен жолу болбогон аялдар же эгоист аялдар. Полигамия расмий уруксат болбогон күндө да, эркектердин көбү ойнош күтүшөт. Ал эми бул дин боюнча да, этика боюнча да туура эмес. Жанагы каршы болгон аялдар ушундайды каалашат. Ошол үчүн Путин Кабаеваны жашырып, Атамбаев биринчи аялын төрт баласы менен таштап, Назарбаев да бир нече аялы менен үн ката албай олтурат. Ошол ташталган аялдардын да убалы бар.

Ошондуктан, полигамдуу үй бүлөдө төрөлгөн балдардын кызыкчылыгы үчүн жана полигамдуу үй-бүлөдөгү аялдарды коргоо максатында, полигамдуу үй-бүлөсүнүн ар-намысына шек келтирген кээ бир аягы суук аял чиновниктерден жана журналисттерден коргой турган закон чыгарып берүүгө салым кошсоңуз экен. Жок дегенде, сиздин институтуңузда полигамдуу азчылыктын кызыкчылыгын коргой турган чакан программа болсо болот эле.

Ошондой эле полигамдуу үй-бүлөнүн коомго зарылчылдыгын түшүндүргөн материалдар зарыл болуп турат. Коом полигамиядан эч кандай зыян таппайт.

Албетте, полигамдуу жана моногамдуу адамдар бар, бирок, полигамдуу адамдар биздин коомдо көп кысымга учуроодо. Бирок биз элге керектүү нерсени ойлошубуз зарыл.

Полигамия тууралуу материалдар англис тилинде көп. Төмөндө полигамия боюнча интернеттен табылган бир нече орусча видеону берейин:

http://www.blive.kg/edit:189808/

http://www.blive.kg/edit:186723/

http://www.blive.kg/edit:186725/

http://www.blive.kg/edit:180729/

http://www.blive.kg/edit:186724/

http://www.blive.kg/edit:170207/

http://www.blive.kg/edit:177823/

http://www.blive.kg/edit:170192/

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222646

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.