Бишкек баатырдын - тарыхий инсандын тарбиялык таасири

Бишкек баатырдын ысымы турмушубузда кеңирге таралгандыгы анын сүрөт элеси менен кошо коштолуп турса, учур талабына төп келген уюткулуу иш болот эле.
  15.04.13   08:55

Республикабыздын Ордо шаарынан баштап, миңдеген ишкана, мекеме, уюм, окуу жай жана башкалардын аталыштарында, иш кагаздарда, турмушубуздун бардык жактарында жазылып да, оозеки айтылып да жүргөн Бишкектин ким экендиги анчалык этибарга алынбай, тек гана түшүнүк маанидеги сөз катары орун алгандыгы көнүмүш көрүнүш.

Борбор шаарыбыздын 125 жылдыгына карата "Эркин Тоо" гезитинде "Бишкек баатыр – тарыхий инсан" деген макала жарык көргөн эле. Анын автору, Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун көзү өткөн менен жазгандары, эмгектери элине кызматын улантууда.

Жазуучу макаласынын акырында сунуштагандай , Бишкек баатырдын "куш кабак, кочкор тумшук, кара сурунан келген албеттүү, чап жаак, өтө сүрдүү" элеси, ар күнү арабызда болсо, анын өзү – бир күнкү эмес, күн сайынкы эскерүү болуп, учтан түпкө, укумдан тукумга тарбиялык таасири тиймек. Бишкек баатырдын ысымы турмушубузда өтө кеңирге таралгандыгы анын сүрөт элеси менен кошо коштолуп турса, учур, мезгил талабына төп келген уюткулуу иш болот эле.

Бишкек баатыр жөнүндө Асанбек Стамовдун : " 1700 – жылдан тартып жунгарларга каршы боштондук күрөштө : Жайыл, Нышан, Бишкек, Болот, Кедей, Атаке, Жанболот, Момокон, Жамансарт, Көккөз, Андагул деген баатырлардын ысымдары такай айтылат. 1733-жылкы Анархай майданында отуздарга жакындап барып калган Бишкекке "Туу жыгар" деген ардактуу наам ыйгарылат" деген жана башка маалыматтарынан тышкары, Бишкек баатырдын тогузунчу урпагы экендигин далилдеп жана бул улуу инсан жөнүндө Казакстан,Өзбекстанга чейин барып, далай жерлерди түрө кыдырып маалымат токтоп, гезит беттеринде 20дан ашык макалары жарык көргөн Медер Бишкектин жазгандарында, теле-радио аркылуу айткандарында Бишкек баатырдын урпактары, укум-тукуму респеубликабыздын дээрлик бардык дубандарында учтан түпкө уланып келаткандыгы айтылууда. "Бишкек баатырдын Сокулуктагы урпактары тууралуу, мен 8-класста окуп жүргөндө эле Тургуналы чоң атамдан жазыпалгандарым дептеримде бар. Алар Бишкек баатырдын солто уруусундагы аялынан таркаган урпактары. Биринчи аялынан (саяк уруусунан) таркагандар көбүнчө Жумгал районунда турушат. Биз Саруу уруусундагы аялынан таркаган урпактарына киребиз" дейт Медер Бишкек.

Көп жыл мурда "Сары Өзон" теле берүүсүндө иштеп жүргөн кезимде Бишкек баатырдын Чүйдөгү 6-урпагы Сарман Алымбековдун үйүндө болуп, ар кишинин, мектепте деректир, мугалим болуп иштеп жүргөн жубайынын, Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлык кызматындагы кызы Жамыйланын айткандарын эфир аркылуу эл журтка маалымдагам.

Тарыхий маалыматтардын тарбиялык мааниси деген маселе эске алынып, ысымы турмушубуздун бардык жактарында жыш айтылып жүргөн Бишкек баатырдын жүзү, элеси, Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов сунуштагандай, "бир күнкү эмес, күн сайынкы эскерүү " болуусуна негиз түзүлсө эң таамай иш болот эле. Бишкек баатырдын нечен жүздөгөн урпактары текши чогулуп, биригип, Ордо шаарыбыздын көркүнө, маани – мазмунуна салым кошо турган жөнү бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222647

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.