АКШ КЭДРдин ядролук амбициясын басуу үчүн Кытайды таасир этүүгө чакырды

  15.04.13   09:02
 285
 

Вашингтон Кытай сыяктуу Пхеньянга таасири бар өлкөлөрдү колунда болгон артыкчылыктардын барын Түндүк Кореяга багыттап, анын ядролук опузасын басууга чакырды. Соңку учурда Түндүк Кореянын Түштүк Кореяга, Япония жана аймактагы америкалык базаларга багытталган коркутуулары байма-бай айтыла баштады.

Ал ортодо АКШ президенти Барак Обама Пхеньян менен чыңалып жаткан мамилени Америка дипломаттиялык жол менен жөнгө салууга аракет кылат деп айтты

Бирок, АКШ өзүн жана өнөктөштөрүн коргоого мүмкүн болгон аракеттерин көрөт-деди Обама. АКШ президенти БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу учурунда Түндүк Корея опузаларын токтотуп, ачуусун басышы керектигин белгилеген.

Пхеньяндын ракеталык аткылоого алаары туралуу коркутууларынан кийин Түштүк Корея өзүнүн армиясын толук даярдыкка келтирип жатат. Түштүк кореялык "Йонхап" маалымат агенттиги Түндүк Корея ракеталарын койо бергенге даяр экенин, "Мусудан" деген эки ракета күйүүчү май менен камсыздалып, өлкөнүн чыгыш тарабына багытталып турганын жазып чыкты.

Түндүк Кореянын "Мусудан" деген ракетасы 2010-жылдагы аскердик салтанаттан кийин белгилүү болгон. Бирок ал сыноодон өткөрүлгөн эмес. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юн Бен Се парламенттеги кайрылуусунда ракета кайсыл учурда болбосун атылуусу мүмкүн экенин айтты.

"Мусудан" ракетасынын кубаты туралуу толук маалыматтар жок. Бирок айрым булактар анын 4 миң чакырымга чейин атылуусу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Эгер чындап эле "Мусудандын" кубаты ошончолук болсо анда ал Тынч океандагы Гуам аралында жайгашкан америкалык аскер базасына жетиши мүмкүн.

Түндүк кореялык дагы бир ракетанын койо берилиши бул БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузгандыка жатып, ал чагымчылдык катары кабылданат.

Бирок, Би-би-си кабарчысы билдиргендей эгер ракета ийгиликтүү сыноодон өткөн ченде деле жакынкы аралыкта ал аскердик чыңалуу, кагылышууларга алып келбеси мүмкүн.

Буга чейин Япония Түндүк Кореядан сокку урулуп калышы мүмкүн деп, коргонуу үчүн өзүнүн "Пэтриот" деп аталган эки зениттик ракеталык комплексин жайгаштырган эле.

Америкалык расмийлер аймактагы стабилдүүлүктү калыбына келтирүү АКШ менен Кытайдын бирдиктүү тапшырмасы экенин айтып, Кытай абалды жайгарууда таасир эте алат деген ишеничтерин билдирип жатышат.

BBC, Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222648

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.