Бишкекте 6300 адам жерге кезек күтүүдө

  15.04.13   09:08
 343
 

Акыркы 3 жылдан бери Бишкекте жеке турак жайга бир да жер тилкеси бериле элек. Учурда 6300дөй бишкектик жер тилкеси үчүн кезекте турат. Алардын арасында 1996-жылдан бери кезек күтүп жүргөндөр бар. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин директору Самарбек Болотбеков билдирди.

Жер кодексине ылайык, жеке турак жайга жер тилкеси мамлекет тарабынан акысыз берилет. Бирок кезектегилерге жер берилбей жатканы баш калаада жер тартыштыгынан келип чыгууда. Бишкекте учурда жер тилкесине бирөөдөн сатып алуу жолу менен гана ээ болуу мүмкүн. Эң кымбат жана көп талап кылынган тилке шаардын түштүк тарабы. 2010-жылдагы эсеп боюнча, Бишкектин аянты 16,5 миң гектар.

"Азыттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222649

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.