Кубанычбек Сагындыков Орусиянын снукер боюнча Кубогунун этабында экинчи болду

  15.04.13   09:41
 323

Кыргызстандык Кубанычбек Сагындыков Орусиянын снукер боюнча Екатеринбургда өткөн Кубогуктун үчүнчү этабында экинчи орунду ээледи.

Таймаштын расмий сайты кабарлагандай, группалык стадияда үч жолугушуу өткөрүп, экөөсүндө жеңишке ээ болуп, бир оюнунда утулуп берди. Акыркы оюнду Виктор Ларионовго каршы турнирдин плей-оффуна чыгуу үчүн ойногон.

Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон таймашта Сагындыков Михаил Поповдон күчтүрөөк болду (3:2), андан кийин Андрей Мельниковду утту. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Ильдар Шариповду 3:1 эсебинде утуп алды. Финалдык кездешүүдө Дарья Сиротинана 3:4 эсебинде жеңилип берип, экинчи орунду ээледи.

Башка кыргызстандык Ызатбек Раатбеков чейрек финалга чейин жетип, жарым финалда чыгуу үчүн болгон таймашта Ильдар Шариповгон жеңилип калды (3:0). Жыйынтыктоочу зачетто Раатбеков 508 орунга илинди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222651

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.