Венесуэлада президенттик шайлоо аяктады

  15.04.13   09:49
 322
 

Венесуэлада эки жыл рак илдети менен алпурушуп, март айында каза болгон мурдагы президент Уго Чавестин мураскорун шайлоо аяктады. Чавес тандаган талапкер, азыркы президент Николас Мадуров жеңүүчү катары сыпатталууда. Бирок акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, Энрике Каприлес Мадуронун жеңишине жолтоо болчудай.

Мадуро Уго Чавес айтып келген "21-кылымдын социализмин" алдыга жылдырууну, жакырларга каражат бөлүүнү, экономиканы көзөмөлдөөнү убада кылып келет. Каприлес болсо өнөкөткө айланган тамак-аш тартыштыгына, инфляцияга, кылмыштуулуктун көбөйүшүнө жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына жол ачкан өкмөткө каршы чыгууда.

Венесуэла дүйнөдөгү ири мунай корун көзөмөлдөп, Латын Америкадагы солчул мамлекеттерге экономикалык жардам көрсөтүп келет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222652

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.