Талап-тоноочулар бишкектиктин акчасын жана мотоциклин тартып алышкан

  15.04.13   10:07
 332

Бишкек шаарынын 23 жаштагы жашоочусунун мотоциклин жана акчасын тартып алышкан. Бул тууралуу борбордук РИИБнин прес-кызматы маалымдады.

Дем алыш күнү кечкисин жаш жигит үйүнө кайтып келаткан. Жолун торогон 20-25 жаштагы эки кишиге, 600 доллар жана "Хонда-Скутер" мотоциклин алдыртып ийген.

Бишкек РИИБсинин кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгын кызматкерлери 20 жашар шектелүүчүнү жана 25 жаштагы анын жардамчысын кыска убакытта кармашкан. Экөө тең Сокулук районунун жашоочулары.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222656

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.