Балдар үйүнүн тарбиялануучулары үстөл тенниси боюнча турнирди жеңип чыгышты

  15.04.13   10:18
 321

Бишкектеги "Карвен" клубунда үстөл тенниси боюнча борбордо, балдар үйү жана атайын балдар борборлордун арасында турнир өттү.

Кыргызстандын стөл тенниси боюнча ассоциациясынын вице-президенти Самсон Баляндын айтымында, мелдеш командалык жана жеке зачетто өттү. Командалык беттештердин жыйынтыгында 1-орунду "Военно-Антоновка" балдар үйүнүн тарбиялануучулары утушту. Алар былтыркы жылдын чемпиондору №21 орто мектебин жеңип чыгышты. Коло байгегег "Кара-Балта" балдар үйү татыктуу болду.

Жекеме биринчиликти балдар арасында Александр Дзалба ("Военно-Антоновка") алса, кыздар ичинен Диляра Мамина эң күчтүү экенин айгинеледи.

Бул турнир төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Мелдешке жыйырмадан ашык улан-кыздар катышышты. Жеңүүчүлөр диплом менен сыйланып, турнир уюштуруучулардын атынан байгелер терилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222658

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.