Быйылкы жылы Орусия кыргызстандыктарга чектөө киргизет

Быйылкы жылдан баштап Орусия кыргызстандыктардын федерация аймагына кирүүсүнө чектөө коюшу ыктымал.
  15.04.13   10:31
 369

Бул тууралуу базар күнү, 14-апрелде Орусиянын вице-премьер министри Дмитрий Рогозин маалымдады.

Анын айтымында, Орусия аймагына кирүү эми жалаң загранпаспорт менен мүмкүн болот. "Менин оюм боюнча идентификациялоого мүмкүн болбогон документтер менен биздин мамлекетке кирүүнү токтотуу зарыл – деп айтып, - биз өтмөк короо эмеспиз" – дегенин кошумчалады.

Мындай чараларды 2015-жылдан тартып киргизүү боюнча мурунтан президент Владимир Путин да эскертип келгенин Рогозин эске салды.

Белгилей кетсек, учурда кыргызстандыктар Орусия Федерациясынын территориясына ID-карта менен эле кире берет. Мындай документ республиканын ар бир жаранына 16 жаштан баштап берилет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222659

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.