Россия быйыл кыргызстандыктардын киришине чектөө коюшу мүмкүн

  15.04.13   11:43
 330

Үстүбүздөгү жылы эле Россия КМШ мамлекеттеринин жарандары үчүн чегараны кесип өтүүдө жаңы эрежелерди киргизиши ыктымал. "Бул тууралуу жекшемби күнү, 14-апрелде Россиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин билдирди",- деп маалымдайт РИА "Новости".

Анын айтымында Россия Федерациясынын аймагына кирүү чет өлкө паспорту боюнча гана ишке ашмакчы. "Жакынкы аралыкта Россияга идентификацияга таандык болбогон документтер боюнча киргизүүнү токтотуу зарыл деп ойлойм",-дейт аткаминер "биз кирип чыккан короо эмеспиз",- деп кошумчалоо менен.

Рогозин мындай чараларды буга чейин мамлекет башчысы Владимир Путин билдиргендей 2015-жылдан кеч эмес кабыл алуунун зарылдыгын эскертти.

Эске салсак, азыркы учурда кыргызстандыктар Россияга республиканын ар бир 16 жашка чыккан атуулуна бериле турган жеке инсандыгын күбөлөндүрүүчү күбөлүк (ID-карта)- документи менен кире алат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222663

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.