Маморгандар коррупция менен күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрөт

Эртең, 16-апрелде, Бишкекте укук коргоо жана мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеси башталат.
  15.04.13   12:04
 362

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз борбору маалымдайт.

Анда көрсөтүлгөндөй жыйындын жүрүшүндө координациялык кеңешменин персоналдык курамын аныктоо, иштин регламенти менен графигин бекитүү, ошондой эле координациялык жыйындын ведомстволор аралык жумушчу жана эксперттик тобун түзүү каралмакчы.

Жыйында координациялык отурумдун төрайымы, башкы прокурор Аида Салянова баяндама жасамакчы.

Мындан тышкары коопсуздук, тартип жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановдун, экономика министри Темир Сариевдин, ошондой эле координациялык кеңешменин мүчөлөрү менен чакырылган тараптардын сөз сүйлөшү күтүлүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222664

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.