УКМКнын КККсы милиция кызматкерлерин кармоо учурундагы ыкчам видеосун чыгарды

  15.04.13   12:24
 510
 

Улуттук кооопсуздук мамлекеттик комитенин (УКМК) коррупцияга каршы кызматы (ККК) Свердлов РИИБинин милиция кызматкерлерин кармоо учурундагы ыкчам видеосун ачыкка чыгарды.

Эске салсак, 12 апрелде КККнын кызматкерлери милиция кызматкерлерин пара алды деген айып менен кармаганга аракет кылышкан. Бирок милиция кызматкерлери жардамга 50 чакты Свердлов РИИБдин тартип сакчыларын тез арада чакыртып алышкан. Ал жерге Бишкеке ШИИБнын чоңу Мелис Турганбаев да келген. Коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери 2 милиционерди алып кеткенге үлгүрүштү. Кийинчерээк, "ВБ"нын өздүк булагы билдиргендей, УКМКтун Свердлов РИИБсине барган кызматкерлерин милиционерлер сабап коюшкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222665

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.