Нарынга бөлүнгөн арзан насыянын 48 пайызы таратылды

  15.04.13   13:15
 320

Нарын облусуна өкмөттүн арзан пайыздык насыясынан 293 млн. 244 мин сом бөлүнгөн. Мунун ичинен учурда 792 кардарга 140 млн сомдон ашыгы, башкача айтканда 48 пайызы берилген. Бул тууралуу маалымат Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Улан Алыбаевден алынды, деп билдирет dem.kg.сайты.

Маалыматка ылайык, кардарлардын көбү насыяны мал чарбасына алышууда. Алсак жогорудагы 140 млн сомдун 135 млн 476 миң сому мал чарбасына берилген. "Арзан насыянын эң көбү 59 млн сом Нарын районуна бөлүнсө, эң азы Ак-Талаа районуна 23 млн сом бөлүнгөн",-дейт Алыбаев.

Насыя берип жаткан "Залкар" банкы бөлүнгөн 6 млн сомдун баарын таратып бүтүшкөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222670

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.