Турсунбек Акун: Мен үч жылдан бери Батукаевди бошотуусун суранып келем

  15.04.13   13:59
 315

"Үч жылдан бери мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев катуу ооруп келет, биз аны кое берүү тууралуу бир нече ирет расмий кат жазганбыз", - деген билдирүүнүн бүгүн, 15-апрелде, омбудсмен Турсунбек Акун жасады.

Анын айтымында ал үч жылдан бери камакта катуу ооруп жаткандардын бошотуусун суранып келет. "Бул бүгүн эле жасалып калган иш эмес. Учурда №31-колонияда 284 кургак учук оорусу менен ооруган адамдар бар. Бардык колонияларды 476 киши, анын 22си каза болушту", - деп Акун маалымдады.

"Мен жиберген кат боюнча 6 адамды бошотушу керек эле. Анын төртөө оорудаг көз жумушту, болгону экөө чыкты. Анын бири Азиз Батукаев. Менин иш аракеттериме жооп кайтарылганына ыраазымын. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына таасирин тийгизген кандайдыр күчтөр бар экенине эми түшүндүм",- деди Турсунбек мырза.

Акун, Батукаевди анын суранычы боюнча эмес, "тиешелүү бир коррупциялык схемалардын жардамы" менен чыгып жатканына нааразы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222675

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.