Бишкектеги жеңил атлетика турнирине Россиянын чемпиондору келишет

  15.04.13   15:25
 364

20-апрелде Бишкекте Москва олимпиадасынын байгечиси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу Жеңил атлетика боюнча федерациясы маалымдады.

Алардын берген маалыматына ылайык, мемориалга Олимп чемпиону Мария Савинова, Европа чемпиондору, биртуугандар Евгений жана Анатолий Рыбаковдор, Өзбекстандын атактуу күлүгү Андрей Петров жана Казакстандан бир нече жогорку деңгээлдеги спорт адистери катышышат.

Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк жылдыздар чакырууга дароо макулдугун беришти. Алардын көпчүлүгү Сатымкул Жуманазаровдун спорттогу каармандыгы тууралуу угушкан, жана анын элесине сый урмат көрсөтүп, Бишкектеги турнирге катышууга макулдугун билдиришти, -деп федерацияда айтышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222683

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.