Диний бирикмелердин лидерлери Жеңиш сейил багында көчөт тигишет

  15.04.13   15:58
 335

17-апрелде Конфессия аралык кеңешме (КАК) Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте, борбор шаардагы тазалыкты сактоо үч айлыгына катышышат. Бул тууралуу КАКтын пресс-кызматы билдирет.

Белгиленгендей, алар ясень көчөттөрүн Жеңиш сейил багында отургузушат. Бул иш-чара жалаң эле шаарды жашылдандырууга багытталбастан, бардык диний конфессияларды жана жарандарды конфессия аралык тынчтыкты сактоого арналат.

Конфессия аралык кеңеш ислам, иудаизм, буддизм жана протестанство сыяктуу диний бирикмелердин лидерлерин бириктирет. Учурда Орус православ чиркөөсүнүн кеңешмеге кирүүсү тууралуу консультациялар жүргүзүлүп жатат, - деп билдирмеде жазылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222688

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.