Оштун мэри салык чогултуу чараларын катуулатууну талап кылды

  15.04.13   16:20
 340

Бүгүн, 15-апрелде, түштүк борбордун мэри Мелис Мырзакматов Ошто салык жыйымын чогултуу боюнча чараларды катуулатууну талап кылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ош мэриясынын экономика, каржы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиевдин айтымында, ушул жылдын 1-кварталында салык жана салык эмес жыйымдар 156,7 млн сомго барабар болду, алардын арасында салык органдарынын кирешеси - 132,7 млн сом.

Иш жүзүндөгү аткаруу 151,4 млн сомго же болбосо 96,6%га ишке ашканы белгиленет, алардын ичинде салык органдарынын кирешеси 133,1 млн сомду же болбосо 100,3%ды түздү. Шаардык салык кызматынын башкармалыгынын жалпы иши 102,2%га, мартта -121,5 пайызга аткарылды.

Тойчиев белгиленгендей кирешеден түшкөн салыктын биринчи кварталда аз болушу 1,6 млн сомго, сатуудан түшкөн салыктыкы 0,8 млн сомго барабар болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222692

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.