Социалдык өнүктүрүү министрин жумуштан алууну сунушташты

  15.04.13   16:36
 284

"Соцөнүктүрүү министрлигинин жетекчиси Кылычбек Султановду кызматынан бошотуу керек",- деген пикирин бүгүн, 15-апрелде, "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

Соцөнүктүрүү министрлиги Султановдун билдирүүсүн таркаткан. Анда өткөн жума күнү өкмөттүн отурумунда вице-премьер-министр Камила Талиева өзүнө караштуу социалдык блоктогу бардык министрликтерди жана ведомстволорду негизсиз сынга алган, -деп жазылган.

"Ар-Намыстын" лидери Куловдун айтымында, Султанов өз жетекчилигин сынга алууга укугу жок. "Эгер бардык ведомство менен министрликтер вице-премьер-министрлерди сындап баштаса, анда башаламандык орнолот, - деди Кулов. – Премьер-министрдин ордунда болсом, мен Султановду кызматынан алмакмын", - деп кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222697

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.