Каримов экстремизм коркунучун Москванын эсине салды

  16.04.13   09:06
 331
 

Өзбекстан президенти Ислам Каримов Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда Борбор Азияда экстремизм көбүрөөк коркунуч туудуруп жатканын айтты. Терроризм, экстремизм жана диний радикализмдин кесепети согуштан да жаман болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу "Азаттык" билдирет.

Орус-өзбек жолугушуусунан кийин Владимир Путин 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийин кырдаалга тараптар тыкыр көз саларын, ыктымал коркунучтардын алдын алуу, биргелешип күрөшүү боюнча макулдашканын айтты. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Эркин соода аймагына Ташкенттин кошулуу шарттары аныкталганын, тиешелүү документке КМШ өкмөт башчыларынын Беларуста 31-майдагы жолугушуусунда кол коюларын билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222710

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.