Немистер кызылча түшүмүн арттырууну үйрөтөт

  16.04.13   09:09
 404
 

Бүгүн Бишкекте Кыргызстанда кант кызылчасын өстүрүү, кайра иштетүү маселелери боюнча талкуу өтөт. Иш чараны Эл аралык кызматташуу боюнча немис коомчулугу уюштуруп жатат. Анда Германиядагы айыл чарба техникаларын, урук өндүргөн компаниялардын өкүлдөрү да катышат. Немис адистери кыргыз дыйкандарына техника жактан гана жардам бербестен, кант кызылчасын өстүрүү, түшүмдүүлүгүн арттыруу боюнча заманбап ыкмаларды үйрөтөт.

Советтер союзунун тушунда кумшекер өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турган Кыргызстанда азыр бул тармак солгундап кеткен. Өлкөгө жылына 80 миң тоннадай шекер ташылып келет. Кант кызылчасы айдоо кескин азайгандыктан шекер чыгарган эки заводдун бирөө гана жарым-жартылай иштейт.

"Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222711

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.