"Азия MIX" командасы жарым финалга өткөн жок

  16.04.13   09:09
 338

Кечээ, 15-апрелде, КВН Жогорку Лигасынын алгачкы оюну болду. Анда "ГородЪ ПятигорскЪ" (Пятигорск), "Союз" (Тюмень облусу), "Факультет журналистики" (Санкт-Петербург), "КемБридж" (Кемерово) командалары катышышты.

Оюнду теле алып баруучу Леонид Якубович, кавээнчи Михаил Галустян, теле алып баруучу жана актриса Лариса Гузеева, музыкант Андрей Макаревич, Биринчи каналдын генералдык директору Константин Эрнст жана туруктуу жюри Юлий Гусмандан турган калыстар тобу баалашты.

Беш топтун ичинен жарым финалга "КемБридж" жана "ГородЪ ПятигорскЪ" гана өтүп, биздин "Азия MIX" командасы төртүнчү гана болуп калды.

Ошого карабастан "Азия MIX" командасы өзүн татыктуу көрсөтө алды. Эскерте кетсек акыркы музыкалык номурун оюндун редакторлору жактырбай алмаштыруусун талап кылгандан кийин, кыска мөөнөттө, кайрадан даярданып, жаңысын жазышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222712

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.