Ысык-Көл районунда 20 гектар камыш өрттөндү

  16.04.13   10:12
 336

Ысык-Көл облусунда 20 гектар камыш өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин кызматкерлери маалымдашты.

Өрт тууралуу кабар кечээ, 15-апрелде, саат 16:00дө келип түштү. Ананьево айылына өрт өчүрүүчүлөр чыгышкан, аларга жардамга жергиликтүү эл да кошулган. Отту бир нече сааттан кийин гана караңгы кирип калганда өчүрүүгө үлгүрүштү. Өрт чыгышынын негизги себеби, адам фактору болушу мүмкүн деген божомолдоолор айтылууда.

Өтүп кеткен бир сутка ичинде Кыргызстанда 15 өрт чыгуу катталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222717

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.