Милицияда былтыр ырчы кыздын МАИчиге кол көтөргөнү тууралуу айтып беришти

  16.04.13   10:50
 788

Былтыркы жылдын ноябрь айында Расул кызы Айгерим автоинспектордун токтотуу талабына баш ийбестен өтүп кеткен. Аркасынан кууп барып, токтоткон МАИчиге атырылып кол көтөргөн. Бул тууралуу "ВБ"га укук коргоо органдарындагы жеке булак билдирди.

Анын айтымында, жол күзөт кызматкерлери Медеров Абай көчөлөрүнүн кесилишинде, "БМВ" маркасындагы унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок автомобиль буйрукка баш ийбестен жолун уланта берген. Аркасынан кууп барган МАИчилер машинени жолдун четине кысып, токтотушкан. Унаанын ичинде ырчы айым Расул кызы Айгерим экени белгилүү болгон.

Инспекторлордун айтымында, ырчы кыз жол күзөт кызматкерлерин тууган-тааныштары менен коркутуп, кысымга алган, андан кийин уюлдук телефон менен бетке чаап ийген. Кийинчерээк келген кыздын ата-энеси автоинспектордун жетонун алып алышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222719

 Комментарийлер:
#1 Мариям
2015-05-22 19:32:10 Цитата / 0 / -

Айгерим башы жок ошонтипда кол которосунбу я кайсыл аялдан кордун беле уят болот урбай жургун эмнен бар озу кыйсынасын болгону 4этаж уйун барго болгону

#2 Сезим
2016-09-25 00:55:06 Цитата / 0 / -

Айгерим эже эч кейибеңиз баары жакшы ! болот.Жашоону байлык чечпей главный ден соолук.

#2 Сезим
2016-09-25 00:55:40 Цитата / 0 / -

чечпейт

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.