Октябр районунда мектеп рэкетирлерин кармашты

  16.04.13   11:47
 278

Октябр районунда коркутуп акча доолаган 7-класстын эки окуучусу кармалган. Бул тууралуу ШИИБнин пресс-кызматы билдирди.

Белгиленгендей, милицияга 5-класс окуучунун ата-энеси кайрылышкан. Ата-эненин айтымында, алардын уулу мектеп рэкетинин курмандыгы болуп калды. Жогорку класстын окуучулары андан акча доолап келишкен.

Октябр РИИБсинин өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлору 14 жашаар жетинчи класстын эки окуучусун акча алып жаткан маалда кармашкан.

Ушундай эле арыздар менен укук коргоо органдарына дагы үч ата-эне кайрылганы белгилүү болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222724

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.