Адвокат: "Кыргызтелеком" жетекчилик ордун кризис-менеджерлер алмаштырууга тийиш

  16.04.13   12:12
 330

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун (ААК) азыркы жетекчилиги компаниянын карызынан улам кетүүгө тийиш. Алардын ордуна кризис-менеджерлер келиши кажет",- деп билдирди бүгүн, 16-апрелде, журналисттер менен болгон жолугушууда "Прецедент" шериктеш тобунун өкүлү Нурбек Токтакунов.

Анын айтымында, "Кыргызтелеком" ААКы 2011- 2012-жылдары жалпысынан "Казкоммерцбанк "Кыргызстан" ААКнынан 100 млн сом насыя алган. "Биз бул акча буга чейин чет элдик банктардан алынган насыяларды төлөп бериш үчүн коротулду деп ойлоп жатабыз",- деп кошумчалады Токтакунов.

Ал компаниянын жалпы карызы улуттук байланыш операторунун жүгүртүлгөн каражаттарынын 80 пайызын түзө турганын белгиледи. Ошол эле маалда 2013- жылдын июнь айы үчүн Кытай өнүгүү банкынан, Кореянын экспорттук-импорттук банкынан жана Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан алынган насыя калдыгы 1,7 млрд сомду түзөт.

Адвокаттын маалыматына караганда жакынкы күндөрү компания "Казкоммерцбанктан" 50 млн сом насыя алууну көздөп жатат.

"Мындан тышкары компаниянын контрагенттерге болгон карызы 220 млн сомго барабар. Ошондой эле кызматкерлерине 2013-жылдын башынан берки карызы 30 млн сомдон ашып кеткен",- дейт Токтакунов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222726

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.