Пайгамбардын туулган күнү келе жатат

18-19-апрель күндөрү ушу датага байланыштуу филармонияда майрам өткөрүлөт.
  16.04.13   13:11
 413

Бир топ жылдан бери Кыргызстанда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн өткөрүү салтка айланып келе жатат. Быйыл дагы бул дата 18-19-апрелде борбордогу Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленмекчи. 18-апрелде эртең мененки тогуздан тарта Куранды кырааты менен мыкты окугандар, аны толук билгендер үчүн конкурс өткөрүлүп, конкурстан жеңгендерге чоң суммада акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Ал эми 19-апрелде кечки саат алтыда пайгамбардын туулган күнүнө арналган Мавлют майрам-концерти өткөрүлөт. Айтмакчы, ушу тапта концертке билет калбай калгандыгын айтышууда. Бул майрамды жылыга "Адеп башаты" коомдук фонду өткөрүп келет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222728

 Комментарийлер:
#1 кенже
2013-04-17 11:27:21 Цитата / 0 / -

"жылыга" эмес "жыл сайын", "ар жылы", "бир жылда бир" деген туура болот

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.