Бишкекте жапон поэзиясынын кечеси өтөт

  16.04.13   13:17
 413
 

19-апрелге белгиленген ыр кечени кыргыз котормочулары уюштурууда. Жапонияда сакуранын гүлдөшүнө арналган кечеге жапон элчилиги жана ыр ышкыбоздору катышмакчы. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук илимдер академиясынан кызматкери, тарыхчы жана котормочу Акылбек Жуманалиев билдирди.

Жуманалиевдин айтымында, Ала Тоодо жапон поэзиясы 1980-жылдардан тарта кучак жайган. Учурда күн чыгыш элинин акындарынын чыгармаларын кыргыз журтчулугуна тааныткан 15ке жакын котормочу бар.

Сакура жылына бир ирет, марттын аягынан апрелдин ортосуна чейин гүлдөйт. Маданияттын улуттук символуна айланган бул өсүмдүк тууралуу саптар жапон акындарынын ырларында басымдуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222729

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.