Чаткал районунун акимине кылмыш иши козголгондуктан кызматынан боштулду

  16.04.13   14:12
 365

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун акими Таласбай уулу Акматбектин мамлекеттик администрациянын жетекчичилигинен бошотулгандыгынын себебин өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү айтып берди.

Белгиленгендей, премьер-министрдин атына Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовдон кат келип түшкөн. Анда, аким өз милдеттерин аткарбайт жана ага карата укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон деп жазылган.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын келтирген далилдеринин негизинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Таласбай уулу Акматбекти кызматынан бошотту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222734

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.