"Аманбанк" кардарларын алдады

  16.04.13   14:26
 308

Бүгүн, 16-апрелде, Балыкчы шаарынан пенсионер Владимир Сладков жети жылдын бери өз акчасын кайра кайтарып алуу үчүн "Аманбанк" менен соттошуп келе жатканын билдирди.

Сладковдун айтымында, ал 2002-жылы келишимдин негизинде "Аманбанкта" ачкан эсебине 1 млн 190 миң сом салган. Жыл сайын алар менен келишимин узартып келген. 2006-жылы алгачкы жолу өз эсебинен 20 миң сом чыгарайын деп келсе, банкта ал бардык акчасын эбак эле алып кеткен деп билдиришкен.

Ысык-Көлдүн облустук соту, банк пенсионерге 237 млн сом төлөп бериши керек деп чечкен. "Бул сот ишинен кийин дагы 14 ушундай окуя катталганы белгилүү болгон", - деп Сладковдун жактоочусу Айбек Мейманбаев кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222737

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.