Аида Салянова эң эле коррупциялашкан ведомостволорду атады

Эң эле көп пара алуучулар айыл өкмөттөрүндө иштегендер болуп чыкты
  16.04.13   14:34
 392

Бүгүн, 16-апрелде, коррупция менен күрөшүү боюнча биринчи координациялык кеңешмеде Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова эң коррупциялашкан ведомстволор тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, талдоо көрсөткөндөй эң эле көп коррупциялык кылмыштар айыл өкмөттөрүндө экени ачыкка чыкты. Мындай фактылар боюнча 253 кылмыш иши козголгон. Ал эми мэрия менен акимиаттар- 121, билим берүү тармагы- 73, ички иштер министрлиги- 69, Мамлекеттик каттоо кызматы - 49, саламаттыкты сактоо тармагы -46, салык кызматы - 40, энергетика -27, транспорт жана байланыш боюнча 26 кылмыш иши козголгон.

"Биздин аракеттер жогорку рангдагы чиновниктер тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштарды ачыкка чыгаруу жана табууга багытталган, анын ичинде парламент депутаттары Нариман Түлеев, Нурлан Сулайманов жана Элмурат Обдуновдорго карата кылмыш иштери козголду ",- дейт Салянова.

Ал сотторго карата 15 кылмыш иши козголгонун кошумчалады. Мындан тышкары өткөн жылдын 12 айында прокуратура кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн 11 кылмыш иши козголгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222738

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.