Коргоо кеңешинин башчысы армиянын даярдыгы жөнүндө айтты

  16.04.13   14:54
 353

"НАТОнун коалициялык күчтөрүн Афганистандан чыгаруу Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн алдына жаңы милдеттери жүктөйт",- деп билдирди бүгүн, 16-апрелде, ЖККУнун Туруктуу кеңешинин мүчөлөрүнүн Кой-Таш айылындагы №73809 аскердик бөлүгүндө болгон жыйынынын маалында Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев.

"Тышкы жана ички коркунучтарды эске алганда ЖККУнун алкагындагы мамилелердин өнүгүшүн келечектүү деп эсептейбиз. Биз Афганистандагы жагдай тууралуу дайыма маалымат алып турабыз. НАТОнун коалициялык күчтөрүнүн бул өлкөдөн чыгарылышы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн алдында жаңы тапшырмаларды милдеттендирет",-деп белгиледи ал.

Табалдиев "Кыргызстандагы баардык аскерлер өз мамлекетин тышкы коркунучтан коргоого жетишерлик жабдылган",- деп баса белгиледи. "Кой-Таш айылындагы №73809 аскердик бөлүк Кыргызстандын коопсуздугун ЖККУнун курамында да, өз алдынча да коргой алат",- деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков ЖККУга мүчө мамлекеттер 2013-жылы Кыргызстанда, Белорусияда жана Россияда аскердик машыгууларды өткөрө турганын билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222742

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.