Жаратылыш ресурстарынын экс-министри МУККнин убактылуу камагында

  16.04.13   15:05
 317

МУККнин антикоррупциялык кызматы жаратылыш ресурстарынын экс-министри Замирбек Эсенаманов тарабынан мыйзамсыз жол менен лицензиялардын берилишин аныктады. Бул тууралуу МУККнин расмий сайтында жарыяланган.

2011-жылы Эсенаманов жетектеген кендерди колдонуу комиссиясы тарбынан "Көк-Жаңгак" көмүр кенине, өкмөттүн тиешелүү уруксатысыз төрт лицензия берилгендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча МУУКнин иликтөө башкармалыгы, экс-министр жана башка чиновниктерге карата, "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Лицензия берүү иш чарасында кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгошту.

15-апрелде Эсенамановго күнөө жабылган. Бишкектин Биринчи май райондук соттун чечиминин негизинде экс-министр МУККнин убактылуу камагында 27-майга чейин болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222744

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.