Азиз Батукаевдин иши тууралуу депутаттык комиссия жабык жыйын өткөрдү

Бүгүн, 16- апрелде, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу жана Грозныйга кетиши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жабык жыйын өткөрдү.
  16.04.13   15:27
 338

Бул тууралуу "ВБ"га жеке булактардан кабарлашты.

Алардын маалыматы боюнча, парламентчилер сүйлөшүүгө "Манас" аэропортунун жетекчилиги менен Транспорт жана коммуникация министрлигинин жарандык авиация бөлүмүн жетекчилигин Батукаевге учак берүүдө кайсы структура кандай роль аткарганын түшүнүш үчүн чакыртышты.

Эскерте кетсек, кылмыштагы ууру Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын ден соолугунун абалы начар деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Буга байланыштуу парламентте кезектеги депутаттык комиссия түзүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222745

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.