Атамбаев "Интер РАО ЕЭС"тин башкаруу кеңешинин төрагасы менен ГЭСти талкуулады

  16.04.13   15:34
 311

Бүгүн, 16-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев "Интер РАО ЕЭС" ачык акционердик коомунун ( ААК) башкаруу кеңешинин төрагасы Борис Ковальчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

Анда айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө 2012-жылы Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий иш сапарынын маалында кол коюлган Кыргызстан менен Россия федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушу жана эксплуатациясы жөнүндөгү келишимди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

"Ошондой эле Борис Ковальчук президентке Кыргызстандагы ГЭСтин курулушун башташ үчүн компания жасай турган мындан аркы кадамдар тууралуу маалымат берди",- деп айтылат кабарламада.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222747

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.