Камбар-Ата-1 Өзбекстан менен Казакстанды сугат мезгилинде суу менен камсыз кылат

Кыргызстанда Камбар-Ата 1-ГЭСнин курулушу Өзбекстан менен Казакстанды сугат мезгилинде суу менен камсыз кылат жана улуттук кызыкчылыктарына жооп берет
  16.04.13   15:41
 376

Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде, эксперт Алексей Зырянов билдирди.

Анын айтымында, азыр ГЭСтердин курулушун ишке ашыруу Өзбекстандын негизсиз кабатырлануусун пайда кылып жатат. Бул гидроэнергетикалык объектилерди куруу "Сырдарыя дайрасынын бассейинде түзүлгөн режимдин өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал",- деп болжошууда.

"Бирок бир жагынан алганда Камбар-Ата ГЭСинде кошумча электр энергиясын иштетип чыгуу кыш мезгилинде Токтогул суу сактагычына барчу суунун көлөмүн азайтат жана буга байланыштуу төмөндө жайгашкан мамлекеттердин сугат суу менен камсыз болушунун көлөмүн көбөйтөт деген логикалык бүтүмдү талашуу кыйын",- дейт эксперт.

Мындай жол менен Кыргызстанда ГЭС куруу иши принципиалдуу пландан алганда Өзбекстан менен Казакстандын улуттук кызыкчылыктарына карама-каршы келбеш керек.

"Бул маанилүү бүтүм совет мезгилинде "Камбар-Ата-1" жана "Камбар-Ата-2" долбоорлорунун техникалык-экономикалык негиздерин түзүп жаткан баскычта эле эле негизделген",- дейт Зырянов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222748

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.