Ысык-Көлдө Эл аралык дебат өтүүдө

Ысык Көл жээгинде өтүп жаткан жаштар форумунун экинчи жумалыгы уланууда.
  16.04.13   15:45
 346

8-апрелден бери ысык Көлдөгү "Каприз" эс алуу жайында жаштардын эл аралык дебаты өтүп жатат. 15 жаштан 18 жашка чейинки жаштар, тагыраак айтканда мектеп окуучулары катышкан бул иш-чарага он беш Азия өлкөлөрүнөн жаштар командалары келишкен.

Өткөн жумада бардык командалар өз өлкөлөрүнүн атынан мелдештерди өткөрүп, дебат боюнча кайсы мамлекет кандай өнүгүп жатканын көрсөтүштү. Дебаттардын негизги темалары адамзаттын фундаменталдык укуктары, интернеттеги улут аралык кастыкты козуткандарды мамлекет көзөмөлгө алуусу же албоосу сыяктуу жана башка кызыктуу темаларда болду. Күчтүү командалар болуп Филипинндерден, Камбоджадан жана эң таңгалычтуусу Тажикистандан келген жаштар болуп калышты.

Ушу тапта дебаттар боюнча мастер-класстарды эл аралык тренерлер өткөрүп жатышат.

Жуманын экинчи жарымында интернационалдык командалардын беттешүүлөрү өтүп, форум жыйынтыкталат.

Кыргызстандан аталган эл аралык форумга бардыгы 8 команда катышып жатат. Алар Бишкектеги №12, 13, 6 жана 70 мектептердин жогорку класстарынын окуучулары. Кыргызстандык бир команда жалпы беттешүүлөрдө жарым финалга чыкканы дайын болду.

Белгилей кетсек, форум англис тилинде болуп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222750

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.