Парламентте люстрация жөнүндө мыйзамды иштеп чыга турган топ түзүштү

Депутаттар маселени карап чыгып жана документти жарандык тарап менен биргелешип иштеп чыгат.
  16.04.13   16:00
 262

Бүгүн, 16-апрелде адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында депутаттар жарандардын кээ бир категорияларынын саясий кызмат аткарышынын укуктарын чектей турган (люстрация жөнүндө) мыйзамга багытталган КРнын нормативдик актысынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүштү.

Профилдик комитеттин башчысынын орун басары Абдыманап Кутушев белгилегендей, жумушчу топко баардык беш парламенттик фракциянын депутаттары кирет. Жумушчу топту убакыт менен чектебейбиз деп убада беришти. "Ага кирген депутаттар жарандык сектордун өкүлдөрү менен биргелешип маселени тыкыр карап жана люстрация жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуулары керек",- дейт Кутушев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222752

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.