Россиялык эксперт: Англосакстар Афганистан менен жөн эле кол үзүшө койбойт

  16.04.13   16:05
 308

2014-жылы АКШ Афганистандан толук бойдон кетпейт. Анча чоң эмес контингенттен тышкары, алар ал жакка жеке менчик аскер компанияларынын күчтөрүн жайгаштырышы мүмкүн. Анан калса аймакта НАТОнун аскер түзүмдөрү калат. Бул тууралуу россиялык саясатчы, социолог жана публист Андрей Фурсов билдирди.

Буга кошумча ал империялык чыңалуунун абалында турган Кошмо Штаттардын бир эле маалда Жакынкы Чыгышта, Борбор Азияда жана Чыгыш Азияда толук бойдон жайгашууга күчү жок экенин белгилейт. Позициясынын алсызданганына карабай АКШ аймактан толук бойдон кетпейт.

"Сөз Афганистандын "Борбор Азиянын жүрөгү" катары геосаясий маанисинде болуп жатат, буга байланыштуу англо-америкалык кызыкчылык бул аймакта сактала бермекчи",- дейт Фурсов.

Батыштын аймакка карата кызыкчылыгы Афганистан дүйнөдөгү эң эле баңгизатын өндүргөн аймак болгон үчүн да артып жатат. Адистер белгилегендей, дүйнөлүк наркотрафиктин 90 пайызы үч атайын кызмат тарабынан көзөмөлдөнөт. Алар ири алды -Британиянын МИ-6 кызматы, Борбордук чалгындоо башкармалыгы жана Моссад.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222753

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.