"Жал-Артистеги" үйлөрдү газ менен камсыздоо эксперимент катары жасалган

  16.04.13   16:14
 294

"Жал-Артис" ЖЧКсынын газ боюнча инженери Таалай Азимов менен бүгүн, 16-апрелде, "ВБ" менен болгон маегинде, көп квартиралуу үйлөрдү газ менен камсыздоо эксперименталдык түрдө жүргүзүлүп жатканын мойнуна алды.

"Кыргызстандын" өкмөтү 18 кабаттуу үйлөрдү эксперимент катары курууга буйрук чыгарган. Эксперименттин бири "Жал-Артис " объектиси болду. 60 кабаттуу үйлөргө газ өткөрүлгөн Кореяга бизден атайын адистерди жөнөткөнбүз. Андан кийин комиссия 18 кабаттуу "Жал-Артисти" да газ менен камсыздоо чечимин кабыл алган", - деди Азимов.

Ошондой эле Азимовдун айтымында, "Кыргызгаз" ААКтын экс-кызматкери Керимбек Сарыбашевда бул тууралуу эч кандай маалымат жок экенин кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222755

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.