Спорт ордосунда акындарды жарыштырган "Куттуу жумалык" кечеси өттү

Кечээ, 15-апрелде, Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган "Куттуу жумалык" аттуу иш-чара болуп, акындарга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
  17.04.13   08:09
 462

Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн бул иш-чара Мухаммед пайгамбардын туулгандыгынын 1 442 жылдыгына арналган. "Куттуу жумалыкты" Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешмеси жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы биргеликте уюштурду. Бул туурасында элчиликтин кызматкери Улан Усупов "Жаңы Агымга" кабарлады.

Анын айтымында, мындай иш-чара 2002-жылдан бери салттуу негизде өткөрүлүп келет. "Иш-чаранын алкагында акындар арасында Мухаммед пайгамбар тууралуу жазылган ырларга конкурс жарыялаганбыз. Бардыгы болуп конкурска 179 акындын ыры катышты. Алардын ичинен эң мыкты деп азыркынын Алыкулу атыккан Зайырбек Ажыматов баш байгеге татып, акчалай сыйлык алды. Жалпы байге кору 3 300 долларды түздү. Акындардын ырларын Надырбек Алымбеков баштаган калыстар тобу калыстык менен карап чыгышты", - деди Улан Усупов.

Ал эми баш байге ээси, журналист, акын Зайырбек Ажыматов: "Ислам дини менин пропагандама муктаж эмес, бирок ал идеалдуу дин. Мухаммед пайгамбардын жашоосу ар дайым адамзатка үлгү бойдон калат жана асылдыкка үйрөтөт. Эгер пайгамбарыбыз жаралбай калганда анда азыр адамзаттын жашоосу эмне болмок?" деген оюн ортого салды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222757

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.