Борбор калаанын түштүгүндөгү жаңы конуштар ичүүчү суу менен камсыз болот

  17.04.13   08:17
 383

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы көптөн бери күтүп жүргөн "Башкара-Суу" долбоорун ишке ашырууну колго алышты. Бул тууралуу ишкананын башчысы Асылбек Исаев билдирди.

Маалыматка караганда, каржылоонун 80 пайызын Бүткүл Дүйнөлүк банк колго алган. Калган 10 пайызын өкмөттүн жана мэриянын бюджети толуктоодо.

Учурда "Ак-Ордо", "Ынтымак" жана башка түштүк-батыш аймактардагы жаңы конуштардын калкы жеке суу жабдыктарына ээ эмес. Мындан улам, алар коңшу суу тосмолорунан колдонуп келишет.

"Башкара-Суу" суу тосмосу жаңы конуштардын 100 000 тургунунун көйгөйүн чечип берүүгө жардамчы болмокчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222759

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.