Булак: "РСК Банкты" Сатыбалдиевдин тапшырмасы боюнча текшерип жатышат

  17.04.13   08:20
 313

Ведомство аралык жумушчу топ, "РСК Банктын" ишмердүүлүгүн текшерүүгө алды. Бул тууралуу кечээ, 16-апрелде, "ВБ"га өкмөттөн жеке булак билдирди.

"Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен, апрелдин башында аталган банктын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп тастыктады жеке булак.

Белгилей кетсек, кечээ социалдык түйүндөрдө "РСК"ны УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тинтүүгө алды деген маалымат таратылган. Банктын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Мукай, тинтүү болгон жок деп, маалыматты четке какты.

Эске салсак, "РСК Банктын" 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222760

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.