Бүгүн Бишкекте 500гө жакын айдоочу пикетке чыгат

  17.04.13   08:22
 335

Бүгүн,саат 10.00до Ак үйдүн алдында айдоочулардын пикети өтөт. Алардын мындай кадамга барышына, унаа жана суу транспорту агенттигинин директору Эмил Таштаналиевдин кызматтан кетиши себепкер болууда. Айдоочулардын пикиринде, Таштаналиев кызмат ордунан мыйзамсыз алынган. Бул тууралуу "ВБ"га КР жүк ташуучулар Ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев билдирди.

Анын айтымында, нааразычылык акциясына 500гө жакын айдоочу чогулат. Пикеттин өткөрүлүшүн 6 бизнес-ассоциация колдоого алган. Нааразычылыкты колдогондордун арасында Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айдоочулары бар. Алар Таштаналиевдин кайрадан кызмат ордуна келишин талап кылышууда.

"Таштаналиевди кызматтан алып, министрликке доо кетиришти. Ал транспорт жаатын жакшы билген жалгыз адис-жетекчи. Таштаналиев гана жүк ташуучулардын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылчу", - деди Шабданалиев. Ал белгилеп кеткендей, эгерде айдоочулардын талаптары аткарылбаса, эртең эски аянтка КамАЗ менен чыгып,нааразычылыктарын улантышмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222761

 Комментарийлер:
#1 uluk
2013-04-17 14:42:28 Цитата / 0 / -

Ушул эле жетишпей атты эле. КамАздар менен пикетке чыгуу гана калыптыр да.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.