Нарында жер аймактарынын мыйзамсыз бөлүнгөндүгү тууралуу фактынын бети ачылды

  17.04.13   08:23
 317

Нарын облусуна караштуу Кочкор райондук архитектурасынын кызмат адамдары тарабынан, жер аймактары мыйзамсыз бөлүнгөн. КР УКМК аталган фактынын бетин ачышты. Маалым болгондой, 2012-жылдын ноябрында кайра бөлүштүрүү фондунун жайыт жерлери, мыйзамсыз түрдө аталган райондогу Жаңы-Жол айылынын тургундарына жеке курулуш үчүн бөлүштүрүлгөн.

Аталган жер айыл чарбалык жай катары эсептелгендиктен, айылдын тургундарына курулуш үчүн колдонууга карата мамлекеттик каттоодон эч кандай тиешелүү документ берилген эмес.

2013-жылдын 15-апрелинде, КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222762

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.