Жаратылыш койнунда эс алып жүргөндөрдүн айынан 20 га токой тилкеси өрттөндү

  17.04.13   08:24
 312

12–апрелде Тон районунда от менен этият мамиле кылбагандыктан, өрт кырсыгы келип чыккан. Натыйжада токой тилкеси, кургак чөптөр жана камыштар күйүп кеткен. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, өрттөнгөн жердин жалпы аянты 20 га түзөт. Тилсиз жоо ӨКМнын өрткө каршы кызматы жана жергиликтүү элдин күчү менен өчүрүлдү.

Кырсыктын келип чыгышына 2 жаш жаран себепкер болгон. Алар жаратылыш койнунда эс алып, от жагышкан. Жалын камышка жабышып, андан соң бак-дарактар күйө баштаган.

Эс алуучулар өрттү өчүрүүгө чамалары келбей, окуя болгон жерден кетүүгө аргасыз болушкан. Бирок, жергиликтүү калк алардын унаасынын номурун жаттап калгандыктан, маалыматты милиция кызматкерлерине билдиришкен.

Тоң РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында, окуяга тийиштиги бар 2 жаран кармалды. Алар борбор калаанын 33 жаштардагы жарандары болуп чыкты.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222763

 Комментарийлер:
#1 Аруужан
2013-04-17 14:46:09 Цитата / 0 / -

33 жаштагы жарандар али билишпейт окшойт да от менен ойнобош керек экендигин. Андайларга жаза гана бериш керек. Токойду орттогон кандай болот экенинин билип журушсун!

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.