Москва районунда жол кырсыгынан 15 жаран жабыркап, 4 жаран каза болду

  17.04.13   08:26
 309

Москва районунда жол кырсыгынан 15 жаран жабыркап, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аталган районго караштуу Александровка айылында маршруттук унаа менен КамАЗ сүзүшүп кеткен. Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнүн айтымында, унаалардын бири каршы тараптан келе жаткан унаанын бет маңдайынан чыга калган.

Кырсыктын натыйжасында 4 жаран каза болгон. Жабыркаган 15 жаран ооруканага жеткирилди. Алардын арасынан 3өөнүн абалы оор.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222764

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.