Кытай Кызыл Жарымай Коомуна суммасы 200 000 долларлык гуманитардык жардам берди

  17.04.13   08:30
 355

Кытай Эл Республикасынын Кызыл Крест коому жана Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарымай Улуттук коому эки тараптык макулдашууга кол коюшту. Кытай өкмөтүнүн атынан КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй жана элчиликтин соода-экономикалык суроолор боюнча кеңешчиси Цзинь Юй Лун тарабынан жалпы суммасы 200 000 АКШ долларлык гуманитардык жардам берилди. Анда медикаменттер, чатырлар, жылуу жууркандар, оргтехникалар камтылган.

"Мындай кадам экономикалык байланыш үчүн абдан маанилүү", - деди Цзинь Юй Лун. "Бул Кыргызстанга деген алгачкы жардам эмес", деп кошумчалады ал.

"Чатырлар, медикаменттер Кыргызстан боюнча биздин филиалдарыбызга таркатылып берилет. Алар өзгөчө кырдаалдарда колдонулат", деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарымай Улуттук коомунун башкы директору Рустам Алеев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222765

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.