Кыргызстан айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө жетишерлик стимул табышкан эмес

  17.04.13   08:35
 373

"Агрардык тармактагы эң башкы максат - фермердик жана дыйкан чарбаларын ирилештирүү, бул эки жол менен гана кетиши ыктымал- же кооперация жолу, же болбосо ири жер ээлөөчүлөрдүн участокторду сатып алуу жолу",- мындай пикирин Агробизнестеги атаандаштык борборунун директору Алмазбек Доромбаев билдирди

"Бизде кооперация жөнүндө мыйзам бар, бирок бириктирүү стимулдары азырынча ойлонулган эмес. Учурда фермер болгону жер салыгын төлөйт жана Социалдык фондго акча которот. Кооператив түзүү менен ал документация жүргүзүү зарылдыгы жана салык органдарынын алдында отчет берүү деген сыяктуу кошумча баш ооруга кабылат. Ага кошумча чыгымдардын эмне кереги бар? Преференция болмоюнча эч ким бирикпейт",- деп болжолдойт ал.

Кыргызстандагы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Дордж Кинлайдын пикиринде айыл чарбасын өнүктүрүш үчүн инвестицияга шарт түзүү кажет.

"Кыргызстанда бүгүнкү күндө 350 миңден ашык фермер бар. Эгерде 20 пайызга чукул жер айыл өкмөтүнө таандык экенин эске алсак, ар бир фермерге орто эсеп менен 2 га жер тилими берилген болот. Эгерде түндүктө жер бир аз чоңураак берилсе, ал эми түштүктө кээ бир дыйкандар жарым гектарга жетпеген балким андан аз жерге ээ. Ушундай шартта кантип анан чарба жүргүзүүгө болот?",- дейт Доромбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222766

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.